Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Ош шаарында 10 гектар аянтка сейил бак курулууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Бүгүн мэр Жанарбек Акаев шаардын Н. Исанов көчөсүндө Ак-Буура дарыясынын жээгине салынып жаткан парктын абалы менен таанышты.
Аталган сейил бактын курулушу бир ай мурда башталган. Ал Исанов көчөсүнөн баштап Бахапова көчөсүндөгү көпүрөгө чейин жалпы 10 гектарды ээлеген аянтка курулууда. Сейил бак заманбап болуп курулуп, тургундарга бардык шарт каралат.
Ошондой эле анын аймагына жайкы театр да курулуп жатат. Учурда объектте 30дан ашык техника иштеп, таман-таш төшөө, дарактарды иретке келтирүү, асфальтка даярдоо иштери жүрүүдө.