Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Ош шаарында дагы бир көчөнүн курулушу башталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Жибек-Жолу аймагында жаңылана баштаган Т.Жумабаев көчөсү Имам-Ата жана 101-көчөлөрүн кесилиштирет.
Белгиленгендей, быйыл Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгында 2 мектеп, 1 сейил бак, спорт аянтчалары курулат. Ал эми жогорудагы жол долбоор боюнча дагы улантылып курулат.
Белгилеп өтсөк, быйыл Ош шаарына Президенттин турукташтыруу фондунан 1,2 млрд сом бөлүндү.