Парламент Акунбеков жана Осмоновду министрлик кызматка дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш Загрузка... 25 Февраль 2026 14:55
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Эрлист Акунбековду министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматына, ал эми Дамирбек Осмоновду саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карашты.

Парламенттен билдиришкендей, президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев президенттин сунуштамаларын тааныштырды.

Талкуу маалында депутаттар суу ресурстары жана айыл чарба тармагындагы, ошондой эле саламаттык сактоо секторундагы системалуу көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгын белгилешти.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Эрлист Акунбековду министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматына, ал эми Дамирбек Осмоновду саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берип, тиешелүү токтомду кабыл алды.