Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордогу жолугушууда айдоочулук күбөлүктү кантип алганын айтып берди.
"Мен Советтер союзу учурунда B, С категориясындагы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн ДОСААФта 6 ай окугам. Ал учурда күн сайын окуйт элек. Жеке мектептердегидей кылып плакатка илип алып эмес, бардык тетиктерди чачып алып окутчу. Азыркыдай болуп теорияны гана эмес, ар бир тетикти сурап, ар бирин көрсөтүп жакшы окутат эле", - деди президент.