Президент Чүйдөгү балыктар үчүн тоют өндүрүүчү заводдун иши менен таанышты

Президент Загрузка... 27 Декабрь 2025 17:59
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.12.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда Чүй облусунун Панфилов районундагы “Тянь-Шань форель”ЖЧКсынын балыктар үчүн тоют өндүрүүчү заводунун иш шарттары менен таанышты.

Мамлекет башчысына заводдун курулушуна жалпысынан 5 миллион АКШ доллары сарпталганы, объект аянты 7 гектарга жакын жер тилкесине курулганы маалымдалды.

Курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталып, ушул эле жылдын декабрь айында аяктаганы белгиленди. Толук кубаттуулукта иштеген заводдо суткасына 100–130 тонна продукция өндүрүлөт. Завод ишке киргенден кийин 100дөн 120га чейин туруктуу жумуш орундары түзүлөт.

Заводдун жетекчиси Илгиз Сарылдык уулу бул көрсөткүч республиканын ички муктаждыктарын толугу менен камсыздоого жана экспорттук багытты өнүктүрүүгө шарт түзөрүн айтты.

Президент Садыр Жапаров заводдун жетекчилигинин көңүлүн сапат стандарттарын дыкат жана туруктуу сактоо зарылдыгына буруп, балык чарбасынын туруктуу өнүгүүсүнүн жана ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн негизги фактору азыктын жогорку сапаты экенин баса белгиледи.