Президент: ГЭСтер өмүр бою элге кызмат кылат

Президент Загрузка... 20 Апрель 2026 17:55
photo_54182514_tRZu1EZ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. ГЭСтер өмүр бою элге кызмат кылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Сокулук районундагы Сокулук жана Туюк чакан ГЭСтеринин ачылышында жергиликтүү эл менен жолугушуп жатып билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, ГЭСти ким куруп жатканы - мамлекетпи же жеке тараппы айырмасы жок. Эң башкысы анын элге узак жылдар бою кызмат кылганы.

“Суу убактылуу ылайланганы менен, кайра тунат. Ошондуктан жергиликтүү тургундар бул маселеге туура түшүнүү менен мамиле кылышы керек. Айрым учурларда башчылар тарабынан “жеке тарап куруп жатса, бизге муну же тигини жасап бергиле” деген сыяктуу талаптар да коюлуп жатты. Мындайда өзүбүз суунун башында туруп, электр энергиясы жетпей “өтүгү жок өтүкчү” болуп жатабыз деп айткан күндөрүм болду”,-деди президент.