Президент муфтий менен телефондо сүйлөшүп, Меккедеги зыяратчылардан кабар алды

Президент Загрузка... 26 Май 2026 18:40
photo_5237908670304165366_w.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 26-майда президент Садыр Жапаров менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Абдулазиз Закировдун телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.

Мамлекет башчысы учурда ыйык Мекке шаарында ажылык сапарында жүргөн мусулман мекендештерибиздин абалын сурады.

Президент мекендештерине жылуу колдоо сөздөрүн жолдоп, аларга бекем ден соолук жана зыяраттын бардык баскычтарынан өтүү үчүн күч-кубат каалап, ошондой эле ажылык парзын ийгиликтүү өтөөнү, бардык жакшы ниеттердин жана курмандыктардын Жараткан тарабынан кабыл болушун тилек кылды.

Өз кезегинде КМДБ башчысы Абдулазиз Закиров зыяратчыларга көрсөтүлүп жаткан туруктуу көңүл буруу жана колдоо үчүн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.

Ал мекендештерибиздин абалы жакшы, ден соолугу чың экенин жана алар үчүн медициналык коштоону жана коопсуздукту камтыган бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Мамлекет башчысы сүйлөшүүнүн аягында Кыргызстан мусулмандарын келе жаткан ыйык Курман айт майрамы менен куттуктады.