Бишкек, 27.12.25 /Кабар/. Борбор калаабыз Бишкекти көркүнө көрк кошуп, кийинки муунга татыктуу өткөрүп берүүгө бар күч-аракетибизди жумшап келе жатабыз. Бул тууралуу Садыр Жапаров бишкектиктерди таштандыдан электр кубатын өндүрүүчү заводдун ачылышы менен куттуктап жатып билдирди.
Ал өз сөзүндө Бишкектин тургундары үчүн бул заводдун канчалык мааниге ээ экендигин белгиледи.
“Бишкек шаарынын урматтуу тургундары!
Бүгүнкү иш-чаранын урматтуу катышуучулары!
Биз ата-бабаларыбыздан аманат калган Ата Мекенди, айрыкча, борбор калаабыз Бишкекти көркүнө көрк кошуп, кийинки муунга татыктуу өткөрүп берүүгө бар күч-аракетибизди жумшап келе жатабыз.
Бул багытта борбор шаарыбыздын архитектуралык келбетин, инфратүзүмүн жакшыртууга өзгөчө маани берип, шаар калкы менен меймандарынын эс алуусуна, экологиялык абалын жакшыртууга шарттарды түзүү максатында бир катар сейил бактары, оюн-зоок борборлору, вело жолдор курулуп, колдонууга берилди.
Мына ушундай алгылыктуу иштер менен катар эле, бир топ жылдардан бери борбор шаардын таштанды полигонунун маселеси – таштандыларды кайра иштетүү маселеси ар түрдүү себептер менен чечилбей келе жатканын жакшы билесиздер.
Мынакей бүгүн, бул көйгөй чечилип, шаардыктардын тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү эко-технологиялык заводду ачканы турабыз!
Оболу, мындай саамалык менен шаардыктарды чын дилимден куттуктаймын!”,-деди мамлекет башчысы.