Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элге кайрылып, жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырды.
"Акыркы 5 жылдан бери Ысык-Көлдү синтетикалык торлордон тазалап бүтө албай жатабыз. ИИМдин, ӨКМдин, Жаратылыш министрлигинин кызматкерлери жайы-кышы дебей, көл үстүндө торлорду тазалап жүрүшөт.
Эмгектерин баалайлы. Тор салбайлы.
Жаратылышты таза сактап, кийинки муунга өткөрүп берели.
Соң-Көл көлү менен Токтогул суу сактагычында да ушундай эле көрүнүш.
Эл арасында “торлорду бажыдан өткөрбөй койбойсуңарбы” деген сын-пикирлер бар. Албетте, синтетикалык торлорду Кыргызстанга алып келүүгө тыюу салынган. Бирок мурда алынып келген торлордун арты бүтпөй жаткандай.
Ошондуктан кимде мурда алынып келген торлор бар болсо, жогорудагы министрликтерге тапшырып берсеңиздер, өтүнүч", – деп жазды мамлекет башчысы.