Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Президенттин санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча атайын өкүлү, экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков билдирүү жасады.
Анда Бакыт Сыдыков Кыргызстан финансы-экономикалык тутумдун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, улуттук кызыкчылыктарды коргоо жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу багытында ырааттуу саясат жүргүзүп келерин белгиледи.
Анын айтымында, геосаясий чыңалуу сакталып, эл аралык чектөө режимдерин сактоо маселелерине көңүл буруу күчөгөн шарттарда, мамлекет тарабынан Кыргызстандын аймагын, финансылык инфраструктурасын жана экономиканын айрым секторлорун санкциялардан айланып өтүү жана мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн пайдаланууга жол бербөө боюнча системалуу чаралар көрүлүп жатат.
“Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 3-июнундагы №198 жарлыгына ылайык, мен президенттин санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди азайтуу маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалдым. Мамлекет башчысынын бул чечими өлкө экономикасын санкциялык тобокелдиктерден коргоо боюнча мамлекеттик органдардын ишин так координациялоого, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөр, эл аралык уюмдар жана финансылык институттар менен өз ара аракеттенүүдө Кыргызстандын бирдиктүү позициясын иштеп чыгууга багытталган. Кыргыз тарап виртуалдык активдер тармагына өзгөчө көңүл бурууда. Санариптик финансылык технологиялардын өнүгүшү экономика үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, бирок ошол эле учурда натыйжалуу жөнгө салууну жана контролду талап кылат. Виртуалдык активдер менен жүргүзүлгөн операциялардын трансчек аралык мүнөзү, алардын жүгүртүлүшүнүн жогорку ылдамдыгы жана заманбап технологиялык чечимдердин колдонулушу кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого, мыйзамсыз ишмердүүлүктү каржылоого, санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүүгө жана башка кыянаттык менен пайдаланууга байланышкан жогорулатылган тобокелдиктерди объективдүү түрдө жаратат”, - деди ал.
Ошондой эле Бакыт Сыдыковдун пикиринде, Кыргызстандын позициясы ырааттуу бойдон калууда: тобокелдиктер канчалык жогору болсо, ошончолук ачык-айкындуулукка, жоопкерчиликке жана мыйзамдарды сактоого талаптар жогору болушу керек. Ошол эле учурда мамлекеттин милдети технологиялык өнүгүүнү чектөө эмес, инновациялардын, коопсуздуктун жана эл аралык ишенимдин ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылган заманбап жана натыйжалуу жөнгө салуу системасын түзүү болуп саналат.
Ушул максаттарда мамлекеттик органдар тарабынан виртуалдык активдер рыногун контролдоону күчөтүү жана жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча комплекстүү чаралар ишке ашырылууда. Финансы тармагындагы улуттук көзөмөлдөөчү органдар рыноктун катышуучуларынын ишмердүүлүгүнө туруктуу мониторинг жүргүзүп, анын ичинде улуттук мыйзамдардын жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык стандарттардын талаптарынын сакталышына талдоо жүргүзүп турушат. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча мыйзамда каралган катуу чаралар, анын ичинде лицензияларды кайтарып алууга чейин колдонулат.
“Мамлекеттик жөнгө салуу системасын мындан ары өнүктүрүүдөгү маанилүү этап Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары боюнча улуттук агенттиктин түзүлүшү болду. Адистештирилген органдын түзүлүшү бул тармакта көзөмөлдүн, координациянын жана тобокелдиктерди башкаруунун заманбап механизмдерин киргизүүнүн кыйла жогорку деңгээлин камсыз кылууга мүмкүндүк берет”, - деп айтты ал.
Бакыт Сыдыковдун белгилешинче, жакынкы келечекте тиешелүү мамлекеттик органдардын алдына төмөнкү артыкчылыктуу милдеттер коюлган:
- виртуалдык активдердин жүгүртүлүшүнө байланыштуу тобокелдиктерге комплекстүү баа берүү;
- санкциялык тобокелдиктерди аныктоо жана азайтуу маселелери боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жана маалымат алмашууну күчөтүү;
- FATFтин сунуштарын, эл аралык стандарттарды жана дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларды эске алуу менен мыйзамдарды мындан ары өркүндөтүү;
- виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жана лицензиялоо менен көзөмөл механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу;
- блокчейн-транзакцияларды талдоо технологияларын кошкондо, заманбап мониторинг куралдарын киргизүү.
"Муну менен катар банктык жана жалпы финансылык системанын туруктуулугун чыңдоо боюнча иштер улантылууда. Эл аралык стандарттарга ылайык комплаенс-контролду, тобокелдикке багытталган көзөмөлдү жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү механизмдерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. 2023-жылдан тартып биз батыштагы өнөктөштөр менен тыгыз диалог жүргүзүп келебиз. АКШнын, Европа Биримдигинин жана Улуу Британиянын институттары менен көптөгөн жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлүүдө. Биз тараптан суралган бардык материалдар жана маалыматтар берилүүдө. Батыштагы өнөктөштөрдүн өтүнүчү боюнча учурда алардын пикиринде жогорку санкциялык тобокелдиктерге ээ операцияларга тартылган болушу мүмкүн болгон 50 юридикалык жакты жоюу иштерин жүргүзүп жатабыз. Ошентип, биз өз ара алгылыктуу жыйынтыктарга жетишүү үчүн максималдуу ачыктыкты жана биргелешкен кызматташууга даяр экенибизди көрсөтүп жатабыз”, - деп белгиледи министр.
Мындан тышкары, президенттин санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча атайын өкүлү Кыргызстан санкциялык саясат маселелеринде ачык, жоопкерчиликтүү жана конструктивдүү мамилени ырааттуу карманарын, эл аралык укукка, улуттук мыйзамдарга жана эл аралык милдеттенмелерибизге берилгендигин ырастарын белгиледи.
“Өлкө өз ара урматтоо, ишеним жана мамлекеттердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын эске алуу принциптерине таянып, жаралган маселелерди диалог, консультациялар жана маалымат алмашуу аркылуу чечүүнү жактайт. Ошол эле учурда кыргыз тарап чектөөчү чараларды колдонууда тең салмактуу жана объективдүү мамиленин зарылдыгын белгилейт. Бир тараптуу санкциялардын кесепеттерин үчүнчү мамлекеттерге жана эл аралык сооданын ак ниет катышуучуларына жайылтуу практикасы өзгөчө көңүл бурууну жана мүмкүн болуучу экономикалык кесепеттерди кылдат эске алууну талап кылат. Туруктуу чечимдер фактыларга, кесипкөй өз ара аракеттенүүгө жана мамлекеттердин эгемендүү кызыкчылыктарын урматтоого негизделиши керек деп ишенебиз. Кыргыз Республикасы санкциялык режимдерди сактоо, мыйзамсыз финансылык операцияларга каршы аракеттенүү жана глобалдык финансылык коопсуздукту чыңдоо маселелеринде эл аралык өнөктөштөр, финансылык институттар жана жөнгө салуучу органдар менен ачык диалогду жана кызматташууну улантууга ниеттенет. Кыргыз Республикасы өз юрисдикциясын, финансылык системасын жана виртуалдык активдер рыногун мыйзамсыз иш-аракеттер же чектөө режимдерин айланып өтүү үчүн колдонууга жол бербестигин баса белгилегим келет. Улуттук кызыкчылыктарды коргоо, финансылык туруктуулукту камсыз кылуу жана эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин сактоо үчүн зарыл болгон бардык чараларды ырааттуу түрдө көрө беребиз”, - деп кошумчалады Бакыт Сыдыков.