Россия товарларды импорттоодо жаңы системаны ишке киргизет

Экономика Загрузка... 28 Апрель 2026 16:06
WhatsApp_Image_2026_QvE0hgU.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Россиянын өкмөтү тарабынан Евразия экономикалык биримдигинин алкагында тышкы соода операцияларында салык көзөмөлүн күчөтүү үчүн иштелип чыккан товарлардын күтүүлөрүн ырастоо системасы (СПОТ) этап-этабы менен ишке ашырылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Кыргыз Экспорт” борборунун директору Урмат Такиров билдирди.

Анын айтымында, система КНС жана акциздик жыйымдар сыяктуу кыйыр салыктарды төлөөнү милдеттүү түрдө ырастоо менен жеткирүүлөрдү жөнгө салууга багытталган.

"Системаны ишке киргизүү 2026-жылдын 1-апрелине пилоттук долбоор катары каралган, бирок орус тарап мөөнөттү жылдырды. Сыноо 1-июнда башталат, ал эми толук ишке ашыруу 1-октябрга пландаштырылган. 1-июндан баштап, жаңы системанын жөнгө салуусуна кирген товарларды Россияга экспорттоодо продукцияны Россиядан алгандыгын тастыктаган документ талап кылынат. Бул документти Федералдык салык кызматынын системасында катталган сатып алуучу - россиялык өнөктөш салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу түзүшү керек", - деп белгиледи.Такиров.

Ал белгилегендей, бул ырастоо чек арадан өтүүдө, айрыкча Россия менен Казакстандын ортосундагы тилкеде кечигүүлөрдү болтурбоого жардам берет.

Ошондой эле Такировдун айтымында, алдын ала маалыматка ылайык, Ozon жана Wildberries сыяктуу маркетплейстер аркылуу жеткирүүлөрдү да, ырастоочу документтер менен тариздөө милдеттүү бойдон калууда.

Мындан улам кыргызстандык экспорттоочуларга жаңы талаптар жөнүндө россиялык өнөктөштөрүнө алдын ала маалымат берип, токтоп калуу жана логистикалык кечигүүлөр коркунучун азайтуу үчүн системанын ичинде иштөөгө даярдыгын камсыз кылуу сунушталууда.