Мөөнөтүнөн мурда шайлоо. Россиянын 31 шаарында 40 шайлоо тилкеси ачылат

Шайлоо Загрузка... 16 Октябрь 2025 18:17
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кыргызстандын Россиядагы элчилиги

Бишкек, 16.10.25. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Булаев баштаган жетекчилери менен жолукту.

Элчиликтен билдиришкендей, жолугушууда Россиянын аймагында Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу маселелери талкууланды.

Жолугушууда элчи Бөкөнтаев Россиянын 31 шаарында 40 шайлоо участкасын ачуу боюнча уюштуруу маселелерин талкуулады.

Ошондой эле РФ Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги тарабынан уюштурулган видеоконференция форматында Россиянын аймактарындагы аймактык шайлоо комиссияларынын жетекчилери менен биргелешкен кеңешмеге катышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында россия тарап Россиянын аймагында КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана ийгиликтүү өткөрүүгө керектүү болгон көмөк көрсөтөт деп ишендирди.