Бишкек, 14.04.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа районунун учурдагы абалы жана социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты.
Мамлекет башчысына Кара-Кулжа районунун акими Замирбек Сыдыков маалымат берди. Презентацияда калктын коопсуздугун жогорулатууга, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана аймак тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган негизги инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымдалды.
Атап айтканда, Сай айылында (Ылай-Талаа айыл аймагы) узундугу 2,7 км болгон коргоочу дамбаны куруу долбоору ишке ашырылган. Натыйжада 26,3 гектар жер өздөштүрүлүп, 2 417 тургун сел коркунучунан корголду.
Келечекте өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин азайтууга багытталган ири долбоорду ишке ашыруу каралган. Анын алкагында сел коркунучу бар 8 тилкени коргоо пландалууда. Мындан тышкары, болжол менен 1 500 гектар айыл чарба жана өндүрүш багытындагы жерди өздөштүрүү күтүлүүдө. Бул райондун экономикалык өсүшүнө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Инвестициялык демилгелерге да өзгөчө көңүл бурулду. Маселен, 2021-жылы мурда “Кыргыз индустрия” ААКсынын балансында турган жер тилкеси Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүлгөн. Бул аймакта жалпы аянты 20 000 чарчы метр болгон заманбап үч кабаттуу (жер төлөсү менен) соода борборун куруу мерчемделип жатат.
Долбоор өнүккөн инфраструктураны түзүүнү, анын ичинде болжол менен 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жайды салууну камтыйт. Бул объекттин ишке ашырылышы сооданы өнүктүрүүдө, жаңы жумуш орундарын түзүүдө жана райондун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууда маанилүү кадам болот.