Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокат районун өнүктүрүү пландары менен таанышты.
Мамлекет башчысына райондун акими Данияр Шейшеканов социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрү боюнча маалымат берди. Анын айтымында, өткөн жылы райондо 11 социалдык объект курулуп, 128,5 чакырым жол салынып жана оңдолгон. Ошондой эле 5 айыл жана 1 шаар таза ичүүчү суу менен камсыз болду.
Үстүбүздөгү жылы Ноокат районунда дагы 19 социалдык объекттин курулушу пландалууда. Алардын катарына мектептер, бала бакчалар, спорт залдар жана фельдшердик-акушердик пункттар кирет.
Мындан тышкары, кубаттуулугу 600 кВт болгон Курак-Тектир-2 чакан ГЭСи ишке берилген. Азыркы учурда ар бири 7,93 МВт кубаттуулуктагы Ноокат-1 жана Ноокат-2 гидроэлектр станцияларынын курулушу уланууда.
Ошондой эле 12 ири ишкананы ачуу пландалууда, анын ичинде кирпич жана асфальт-бетон заводдору, тигүү цехи жана жашылча-жемиш сактоочу заманбап кампа бар.