Садыр Жапаров: Завод 80 миң тонна көмүрдү үнөмдөп, 100 миң тонна көмүр кычкыл газын азайта алат

Президент Загрузка... 27 Декабрь 2025 18:44
WhatsApp Image 2025-12-27 at 12.18.51 (4).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 27.12.25 /Кабар/. Салыштырмалуу айта турган болсок, бул 80 миң тонна көмүрдү үнөмдөөгө жана 100 миң тонна көмүр кычкыл газын азайтууга барабар. Бул тууралуу өлкө башчысы таштандыдан электр кубатын өндүрүүчү заводдун ачылышында билдирди.

Катышуучуларга ал заводдун иши жөнүндө айтып берип жатып, төмөнкүлөргө токтолду:

Завод долбоордо көрсөтүлгөн 2 жылдык мөөнөттүн ордуна, 1,5 жылда курулуп бүттү. Бул долбоордун концессиялык мөөнөтү 35 жылды түзөт.

Долбоордун алкагында жылына 365 миң тонна таштанды иштетилип, саатына кубаттуулугу 30 МВт болгон таза конденсациялык турбогенератордук электр станциясы курулду.

Азыркы этапта суткасына 1000 тонналык таштанды иштетсе, кийинки этаптарда анын кубаттуулугу дагы артат.

Мына ушундай бир четинен таштандыны иштеткен, экинчи четинен элек кубатын өндүргөн заводдо жаңы жумуш орундары да түзүлөт.