Сак бол айдоочу! Долон ашуусунда кар жаап жатат

Аймак Загрузка... 28 Апрель 2026 09:50
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Долон ашуусунда кар жаап жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кардын калыңдыгы 5-6 сантиметрге жетти.

№41 Жол тейлөө ишканасы тарабынан таң аткандан бери жолду тазалоо иштери аткарылууда.

"Учурда каттам бар, жолго кум-туз себүү иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.