Салттуу жаа атуу — заманбап спортко айланган көчмөн мурас

Көчмөндөр оюндары-2026 Загрузка... 25 Май 2026 18:20
202408211432-FuT2SWKWTP.webp

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Көчмөн элдин байыркы мурасын даңазалаган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жылдан-жылга эл аралык деңгээлдеги ири маданий-спорттук аянтчага айланып, дүйнө коомчулугунун көңүлүн өзүнө буруп келет. Быйыл Кыргызстан бул масштабдуу иш-чараны өткөрүүгө даярданып жатат. Учурда өлкөдө оюндарга карата даярдык иштери кызуу жүрүүдө. Анын алкагында программага кирген улуттук спорт түрлөрүнүн ичинен — жаа атуу мелдеши бар. Эрдикти, тактыкты жана сабырдуулукту талап кылган бул байыркы өнөр көчмөндөрдүн жашоо маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары бүгүнкү күндө да өз маанисин жоготпой, эл аралык коомчулуктун кызыгуусун арттырып келет.

Күн мурун президент Садыр Жапаров VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин жеринен текшерди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Өлкө башчысы Ысык-Көл облусундагы оюндардын негизги бөлүгү өтө турган жайларды, анын ичинде Кырчын жайлоосундагы инфраструктуралык объекттерди көрүп чыгып, айланма жолдун жана ички жолдордун курулушу менен таанышты.

Мындан тышкары, 13-майда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Ачык кабинет” медиа долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусуна барып, көчмөндөр оюндарына карата даярдалып жаткан объекттердин абалын текшерген. Ал адегенде Кырчын капчыгайындагы этномаданий иш-чаралар өтүүчү аянтчаларды көрүп чыгып, андан соң ипподромго жана Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборуна барган.

Маалым болгондой, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт. Оюндардын салтанаттуу ачылыш аземи 31-августта - өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүндө "Бишкек арена" стадионунда уюштурулат. Ал эми негизги спорттук жана маданий иш-чаралар Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт.

Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чарага дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөсүнөн 3 миңден ашык спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Учурда 60тан ашык мамлекет катышарын расмий тастыктап, дагы 30га жакын өлкөдөн жооп күтүлүүдө. Оюндардын программасына этноспорттун 43 түрү, ошондой эле маданий жана илимий иш-чаралар киргизилген. Быйылкы көчмөндөр оюндарынын өзгөчөлүгү анын ЮНЕСКОнун колдоосуна ээ болушу. Бул оюндардын дүйнөлүк деңгээлде таанылып, эл аралык мааниси өсүп жатканын көрсөтөт.

Күн мурун Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата расмий артка саноо аземи башталып, бүгүн “7 образ - бир тарых” аттуу визуалдык кампания ишке кирди.

Учурда оюндарга байланышкан инфраструктуралык долбоорлор да активдүү уланууда. Маселен, Кырчын жайлоосуна алып баруучу жолдун 18 чакырымына асфальт төшөлүп, жол инфраструктурасы жаңыланууда. Ошондой эле оюндардын ачылыш аземи өтө турган "Бишкек арена" стадионунун курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.

Жаа атуу — адамзат тарыхындагы эң байыркы өнөрлөрдүн бири. Ал миңдеген жылдар мурун аңчылыкта негизги курал катары пайда болуп, кийин согуштук салгылашта маанилүү ролду ойногон. Орто Азия элдеринде, анын ичинде кыргыздарда да жаа атуу жоокердик өнөрдүн ажырагыс бөлүгү катары бааланып, тактыкты, чеберчиликти жана эрдикти талап кылган салттуу спортко айланган.

Учурда ал улуттук спорттун бир түрү катары жайылтылып келет. Салбуурун федерациясынын вице-президенти, ага машыктыруучу Нурлан Молдакуновдун айтымында, 2006-жылдан федерация түзүлгөндөн тарта оюн өнүгө баштаган. 2012-жылы спорттук оюн катары расмий түрдө катталган.

“Байыркы мезгилдерде жыгачтан, мүйүздөн, тарамыштан жасалган жаалар колдонулуп келген. Ал эми кийин аны ар кандай материалдардан жасалган учурлар болду. Башка өлкөлөрдөн да алынып жүрдү. Бирок, учурда салбуурундун эрежеси боюнча жыгач жаалар колдонулат. Огу дагы табигый материалдардан жасалат. Бутанын диаметри 50 см. Биздики 40 метр аралыктан, түрктөрдүкү 70 метр аралыктан атылат”,-деди ал.

Молдакунов белгилегендей, бул оюн мырзалар жана айымдар арасында деп экиге бөлүнөт.

“Андан сырткары, Түркия жана Корея мамлекеттери түзгөн эл аралык федерациялар. Биз Салбуурундан сырткары, аларда да мүчөбүз. Өзүбүз да өлкө ичиндеги жана эл аралык мелдештерди өткөрүп келебиз. Ал эми Көчмөндөр оюндарына 40тан ашык мамлекеттен жаачылар келиши күтүлүүдө.
Акыркы жылдары биздин жаачылар Көчмөндөр оюндарында жана башка өлкөлөрдө өткөн мелдештерде биринчиликти багындырып келе жатышат. Фетих кубогунда Ынтымак Мурадил улуу жана Асел Кадырова 30дан ашуун мамлекеттин ичинен жеңиш менен келе жатышат.
Салттуу жаа атуу алгачкы Көчмөндөр оюндарына көргөзмө оюн катары көргөзүлсө, кийинкисинде программага киргизилген. Жөө туруп жана ат үстүндө туруп жаа атуудан үч айым, үч эркек болуп алты киши катышса болот. Башка өлкөлөрдөн да ушундай санда келишет. Бизде буга чейин курамалар тандалып алынган. Учурда Ысык-Көл облусунда окутуу-машыгуу иштерин жүргүзүп жатабыз”,-деп белгиледи вице-президент.