Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жолугушуусу жыйынтыкталды.
КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбековдун айтымында, делегация башчыларынын жыйынынын расмий бөлүгүнүн президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен өтүүсү жолугушуунун жогорку статусун жана аймактык коопсуздук маселелерин талкуулоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
“Учурдагы эл аралык туруксуздуктун жана глобалдык процесстердин шартында мамлекет башчысы Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуу механизми ШКУга мүчө-мамлекеттердин жалпы кызыкчылыктарын коргоо боюнча макулдашылган ыкчам жана алдын алуу чараларын иштеп чыгуунун маанилүү инструменти экенин белгиледи”, - деди Адилет Орозбеков.
Ошондой эле ал жыйындын жүрүшүндө негизги басым ШКУ мейкиндигиндеги жамааттык коопсуздук жана туруктуулук маселелерине жасалганын белгиледи.
Катышуучулар учурдагы геосаясий кырдаал боюнча кеңири пикир алмашып, глобалдык жана аймактык коопсуздукту камсыздоо боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.
Орозбеков бүгүнкү жолугушууда талкууланган негизги маселелерге токтолду.
- Жакынкы Чыгыш жана Афганистан: Жолугушууда Жакынкы Чыгыш менен Афганистандагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар аймактагы окуялардын өнүгүшүнө олуттуу тынчсыздануусун билдирип, карама-каршылыктарды диалог жана өз ара урматтоо аркылуу, тынчтык жолу менен гана чечүүнү жакташты.
- Афганистандын статусу: Катышуучулар Афганистандын терроризмден, согуштан жана баңгизат трафигинен эркин, эгемендүү, бейтарап жана тынчтык өкүм сүргөн мамлекет катары калыптанышын колдой тургандыктарын билдиришти.
- Терроризмге каршы күрөш: Сүйлөшүүлөрдүн өзүнчө бөлүгү терроризм, сепаратизм жана экстремизм менен күрөшүүдө өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө арналды. Тараптар практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө, анын ичинде 2030-жылга чейин экстремисттик идеологияга каршы туруу программаларын ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.
Маанилүү кадам катары 2026-жылы Беларуста жана 2027-жылы Казакстанда биргелешкен антитеррордук машыгууларды өткөрүү пландалып жатканын маалымдады.
“Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын ШКУдагы коопсуздукту камсыздоо тармагындагы төрагалыгынын ишмердүүлүгүн жогору баалап, уюмдун алкагында аракеттерди координациялоону улантууга даяр экендиктерин билдиришти”,- деди КР Коопсуздук кеңешинин катчысы.
Соңунда ШКУга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын кезектеги кийинки жолугушуусу 2027-жылы Пакистанда өтөрү маалымдалды.