ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун жыйыны өттү

ШКУ Загрузка... 14 Май 2026 16:00
697322817_1298723655780017_407822011416429973_n.jpg
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Бүгүн башкы прокурор Максат Асаналиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун 23-жыйынына катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйын видеоконференция форматында өттү.

Жыйынга Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн башкы прокурорлору катышты.

697792713_1298723615780021_3549862000163751613_n

Тараптар заманбап шарттарда прокуратура органдарынын ролу жана функциялары боюнча пикир жана практикалык тажрыйба алмашып, ШКУ алкагында укуктук кызматташтыкты жана координациялык механизмдерди чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле катышуучулар чек ара аралык кылмыш-жаза сот өндүрүшү, өз ара укуктук жардам көрсөтүү, активдерди кайтаруу, коррупция, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, терроризмге, экстремизм жана башка заманбап коркунучтар менен чакырыктарга каршы аракеттенүү багытындагы эл аралык кызматташтык маселелерин талкуулашты.