Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Ош облусундагы Кара-Гур айылынын Сарыгой капчыгайына орнотулган фотокапкандар алынды. Бул тууралуу NABU Кыргызстан уюмунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, фотокапканга сүлөөсүн, түлкү, каман, тоо эчки сыяктуу жаныбарлардын, ошондой эле канаттуулардан кекилик жана үкүнүн түшкөнү аныкталды.
Учурда алынган фотомаалыматтар адистер тарабынан анализденип, аймактагы жапайы жаныбарлардын таралышы, жүрүү багыттары жана саны боюнча маалыматтар такталууда.
NABU Кыргызстан уюму өлкөнүн ар кайсы тоолуу аймактарына фотокапкандарды орнотуп, жапайы жаныбарларга мониторинг жүргүзүп келет. Анын алкагында сейрек кездешүүчү жаныбарлардын, анын ичинде илбирстердин дагы сүрөттөрү тартылып алынган. Ал маалыматтар жаратылышты коргоо иштеринде жана жапайы жаныбарларды изилдөөдө пайдаланылууда.