Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Соң-Көлдөн 2 миң метрге жакын мыйзамсыз балык уулоочу торлор чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирет.
Рейддик иш-чараларды Экологиялык көзөмөл кызматынын инспекторлору "Каратал-Жапырык" мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери менен биргеликте өткөрүштү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө көлдүн акваториясы кылдат каралып, мыйзамсыз коюлган синтетикалык торлор алынды. Жыйынтыгында суудан көп убакыт мурун ташталган, болжол менен 2 миң метрдей эски торлор чыгарылды.
Эскертке кетсек, торлор көлдүн экосистемасына олуттуу зыян келтирип, биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышына алып келет.