Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Соң-Көлдө рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирет.
Текшерүүнүн жүрүшүндө көлдөн жалпы узундугу 200 метрге жакын синтетикалык тор алынып, тиешелүү тартипте акт түзүү менен жок кылууга даярдалды.
Адистердин айтымында, мындай кытай торлору суу экосистемасына жана жапайы жаныбарларга олуттуу коркунуч жаратат.
"Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө карабастан, инспекторлор рейдди токтотпой, жаратылыш аймактарында мониторинг иштерин улантууда. Анын негизги максаты жаратылыш ресурстарын сактоо, браконьерликтин алдын алуу жана экосистемага зыян келтирген объекттерди өз убагында аныктоо болуп саналат. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырат. Ошондой эле мыйзамсыз орнотулган торлор жана башка жасалма шаймандар экологияга түздөн-түз зыян келтирерин эскертип, бул багыттагы көзөмөл мындан ары да күчөтүлгөн тартипте улантыларын белгилейт", — деп айтылат маалыматта.