Согуштун ардагерлерине 200 миң сомдон берилет. Президент тескемеге кол койду

Президент Загрузка... 17 Апрель 2026 20:45
IMG_2402.jpeg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун чечими менен Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт.

Мамлекет башчысы кол койгон тескемеге ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку жардам төлөө үчүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине президенттин фондунан 4 млн 848 миң сом бөлүү тапшырылды (почта чыгымдарын эске алуу менен):

  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;
  • Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде нацисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундары болгон адамдар;
  • 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген, "За оборону Ленинграда" медалы менен сыйланган адамдар жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдар.