Сокулукта Ишкердикти өнүктүрүү фондунун жаңы филиалы ачылды

Аймак Загрузка... 17 Октябрь 2025 15:13
WhatsApp Image 2025-10-17 at 11.50.52.jpeg
copyright icon Ишкердикти өнүктүрүү фонду

Бишкек,17.10.25. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунда Каржы министрлигине караштуу Ишкердикти өнүктүрүү фондунун жаңы филиалынын ачылыш аземи болду.

Аталган фонддон билдиришкендей, иш-чарада фонддун башкармалыгынын төрагасы Ишенбек Медетов жаңы филиалдын директору Айда Элемановага филиалдын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктү тапшырды.

Ишенбек Медетов белгилегендей, Сокулук районунда чакан жана орто бизнес жакшы өнүгүүдө.

“Биз ишенебиз, жаңы филиал насыяларды берүү боюнча алдыңкы орунда болот. Анын ишке кириши менен фонд көбүрөөк ишкерге жеңилдетилген насыяларды берип, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактын экономикасын өнүктүрүүгө жардам берет”, — деп айтты Медетов.

Белгилей кетсек, Сокулук филиалынын ачылышы менен Ишкердикти өнүктүрүү фондунун филиалдарынын саны 14 филиалга жетти.

Аталган фонд ишкерлер үчүн жеткиликтүү каржылоону камсыз кылуу жана региондордун экономикалык өнүгүүсүн колдоо максатын көздөйт.