Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Унаа жолдорун куруу башка инфраструктуралык объекттерди курууга салыштырмалуу бир топ татаал процесс болуп саналат. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинин подкастында транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев билдирди.
Анын айтымында, бул линиялык конструкцияларды долбоорлоонун өзгөчөлүгүнө байланыштуу.
"Эгерде биз имарат же, маселен, стадион кура турган болсок, анда бардык изилдөө жана чалгындоо иштери так бир белгиленген чарчы тилкеде гана жүргүзүлөт. Ал эми жол – бул узундугу 100 же атүгүл 1000 чакырымга чейин созулушу мүмкүн болгон сызыктуу объект. Элестетсеңиздер, түз эле ар бир метр сайын кыртыштын түзүлүшү жана курамы өзгөрүшү мүмкүн. Бир тилкеде кадимки эле топурак болсо, экинчисинде чопо, үчүнчүсүндө аскалуу тек же жер көчкү коркунучу бар каптал болуп калат", – деди министр.
Министр ошондой эле жолчулар жер астындагы суулар жана жер кыртышынын ар кандай тыгыздыгы сыяктуу көйгөйлөргө дайыма туш болушарын баса белгиледи.
"Бир жерде жер астындагы суулар жарым метр, экинчисинде бир метр, ал эми дагы бир жерде жер деңгээлинен эки метр тереңдикте жатат. Андан сырткары, топурак катмарларынын тыгыздыгы да бардык жерде ар башка. Жол курууда ушунун бардыгы кылдат изилденет жана ар бир ушундай кылдат жагдайды милдеттүү түрдө эске алуу зарыл", – деп министрликтин башчысы.
Ал белгилегендей, эгерде долбоорлоо баскычында рельефтин же кыртыштын курамынын өзгөрүшүнө жараша ката кетирилип, туура эмес техникалык чечим кабыл алынса, бул келечектеги трассанын сапатына жана узакка чыдамдуулугуна албетте олуттуу зыян алып келет.