Бишкек, 14.04.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районунун тургундары жана активи менен жолукту.
Мамлекет башчысы жашоочулардын алдында сөз сүйлөп, айыл чарбасы региондун азык-түлүк коопсуздугун, калк үчүн жумуш орундарын камсыз кылуучу жана региондук дүң продуктунун көлөмүнүн олуттуу бөлүгүн камсыз кылуучу тармак экенин белгиледи.
“Жер иштетүүдө сугат суусунун мааниси чоң. Андыктан, район аймагындагы сугат суу көйгөйүн чечүү үчүн насостук станциялар жана суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүү иштери жүрүп жатат. Райондогу Жаман-Адыр массивин суу менен камсыздоо боюнча 2 этаптан турган куруу иштери пландалган. Ал эми Ак-Турпак каналын реабилитациялоо үчүн долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Зергер дарыясында БДРдин курулушу жана Куршаб-Сай суу сактагычынын курулушу боюнча изилдөө иштери жүргүзүлөт”, - деди Президент.
Ал Өзгөн районунда 108 айылдын 51 айылы таза суу менен камсыздалганын кошумчалады. 57 айылдын 22синде таза суу системаларын калыбына келтирүү боюнча курулуш жумуштары быйыл башталды. Мындан тышкары Өзгөн шаарын таза суу менен камсыздоо жана саркынды суулар системасын жана саркынды сууларды тазалоочу курулмада курулуш иштери аяктап, пайдаланууга тапшырылган.
“Райондогу жолдорду жакшыртуу максатында 2025-жылдын январь-сентябрында республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, облустук жана райондук өнүктүрүү фонддорунун эсебинен 124 чакырым жол салынды. Быйыл 71 км жол оңдолуп-түзөлмөкчү. Өткөн жылы райондо 44 социалдык обьектинин курулушу бүткөрүлсө, быйылкыга 20 обьект салуу мерчемделүүдө”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.
Ал билим берүү тармагы боюнча авариялык абалдагы 7 мектептин экөөндө, бир катар бала бакчаларда курулуш иштери жүрүп жатканын айтты. Мектептердеги адистерге муктаждыктарды коңшу мектептен мугалимдерди айкалыштырып иштөөгө тартуу, мугалимдерди кайра даярдоо курстарынан өткөрүп, экинчи адистикке ээ кылуу жолдору менен чечилип жатат.
“Саламаттык сактоо обьектилерин куруу жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо маселесин ырааттуу түрдө чечебиз. Жогоруда айтканымдай, Өзгөн райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун 350 орунга ылайыкталган жаңы имаратынын курулушу менен таанышып келдим. Мындан сырткары, Ынтымак айылында ФАПтын курулушу жүрүп жатат”, - деп баса белгиледи ал.
Президент туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу, калктын социалдык абалын жакшыртуу жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жашоо деңгээлин көтөрүүгө жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө шарт түзөрүн айтты. Ушул максатта аймактарга иш сапарлар уюштурулуп жатат.
Жолугушуу андан ары суроо-жооп форматында уланды.