Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 12-июнда Сузак районунун Топурак-Бел участкасындагы Санпа окуясынын курмандыктарына арналган эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, эскерүү иш-чарасы курман болгондордун элесине гүл коюп, куран окуу менен башталды.
Иш-чарага катышкан президенттин өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдуллаев 2010-жылдагы июнь окуясы Кыргызстандын тарыхындагы эң оор жана кайгылуу барактардын бири экенин белгилеп, окуяда курман болгон жарандардын жакындарына көңүл айтты.
Ошондой эле июнь окуясы коомдогу биримдиктин жана өз ара түшүнүшүүнүн канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу көрсөткөнүн айтып, эл арасындагы ынтымакты сактоо, достукту жана боордоштукту чыңдоо мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн негизги шарттарынын бири экенин кошумчалады.