Бишкек, 16.10.25 /Кабар/. Алдыдагы парламенттик шайлоодо административдик ресурс колдонгон талапкерлерди кандай жазалар күтүп жатканын Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бекматов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, үгүт иштеринин мыйзамда белгиленген эрежелери жана мөөнөтү бар. Конституциялык мыйзамда үгүт иштерине кимдер катыша аларын жана катыша албастыгы так көрсөтүлүп турат. Бул жобого ылайык, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үгүт иштерине катыша албайт.
Ал белгилегендей, талапкерлерди каттоо шайлоого 20 күн калганда аяктап, үгүт иштери башталат. Бардык ЖМКлар, блогерлер, жеке адамдар жана башка үгүтчүлөр үгүт иштерине шайлоо фондунун каржылоосу менен гана катыша алышат. Үгүт иштеринин мөөнөттөрүн сактабоо да мыйзам бузуу катары каралат.
“Конституциялык мыйзамдын нормаларын бузгандыгы үчүн бир катар жаза чаралары каралган. Шайлоо комиссиясы эскертүү берип же жаза, анын ичинде шайлоого катышуу укугунан ажыратылышы мүмкүн", - деди ал.
Бекматов белгилегендей, Борбордук шайлоо комиссиясынын курамында шайлоо өнөктүгү учурундагы маалыматтын жайылышын жана анын үгүт иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү. Жумушчу топтун курамына БШК мүчөлөрү, аппарат кызматкерлери, көз карандысыз эксперттер жана ЖМК өкүлдөрү кирет.
Мындан тышкары, ЖМК жана интернетке мониторинг жүргүзүүчү эксперттик топ бар. Эгерде расмий өнөктүк башталганга чейин жарыя, кайрылуу, фотосүрөт же посттор жарыяланып калса, жумушчу топ маселени карап чыгып, жогоруда айтылган санкцияларды колдоно алат.