Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Быйыл Талас облусунда 32 трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылып, 10 кошумча трансформатор орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Жаңы трансформаторлор томөнкү аймактарга орнотулат:
- Талас районуна — 1;
- Бакай-Ата районуна — 2;
- Манас районуна — 5;
- Айтматов районуна — 2.
Трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатууда электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшүн эске алуу менен 2026-жылы 32 трансформатордун кубаттуулугун жогорулатуу пландалган. Алар:
- Бакай-Ата районунда — 9;
- Манас районунда — 4;
- Талас шаарында — 7;
- Талас районунда — 5;
- Айтматов районунда — 7.
Белгиленгендей, 2025-жылы облус аймагында кошумча 9 трансформатор орнотулуп, 13 трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылган.