Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Талас облусундагы Айтматов райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы “Элдик Банк” менен биргеликте жеңилдетилген насыя алган фермерлерди жеринен текшерди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө насыялык каражаттардын максаттуу пайдаланылышы каралып, сатып алынган малдын учурдагы абалына мониторинг жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, төө бурчак кабыл алуучу кампада текшерүү жүргүзүлүп, ал жерден насыялык каражаттардын туура пайдаланылышы жана иштин учурдагы абалы боюнча маалыматтар алынды.
“Насыя алуучулар каражаттарды өз багыты боюнча пайдаланууда. Ал эми мал чарбачылыгынын абалы жана кампадагы иштер канааттандырарлык деңгээлде”, - деп айтылат билдирүүдө.