Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Аширбеков Талгат Аширбекович Кыргызстандын Египеттеги элчиси болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун 2025-жылдын 15-декабрындагы жарлыгы менен Кыргызстандын Каир шаарындагы элчилиги түзүлгөн.