Бишкек, 05.05.26. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында 3 жаңы кичи футбол талаасы пайдаланууга берилди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ачылган спорттук жайлар:
- Сай-Боюу көчөсүндөгү мини-футбол талаасы;
- XXIV Партсъезд атындагы №27 жалпы билим берүү мектебинин футбол талаасы;
- А.С. Пушкин атындагы №21 мектеп-гимназиясынын футбол талаасы.
Иш-чарага катышкан мэр Жанарбек Акаев балдар жана жаштар арасында сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу, футболду массалык түрдө өнүктүрүү шаар жетекчилигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
”Учурда Ош шаарында 17 жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Биз ар бир жаңы билим берүү мекемесинде заманбап футбол талаасынын болушун милдеттүү түрдө карайбыз”, – деди ал.
Ошондой эле ал Сай-Боюу көчөсүндөгү спорттук комплекстердин абалы жакшырып жатканын белгилеп, келечекте бул аймактын толук кандуу спорттук шаарчага айланарын кошумчалады.