Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Кочкор районунда сел жүргөн аймактардагы абал жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, министр Көл-Үкөк жайлоосуна алып баруучу сел агызып кеткен көпүрөнү мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө кайра курууну район акимине тапшырды. Бүгүн аталган жайлоодо катуу жаан жаап, 4 турист жана 7 өспүрүм коопсуз жайга чыгарылган.
Ошондой эле Кара-Күнгөй айылындагы селден коргоочу дамбанын туруктуулугун күчөтүү жана суунун агымын үзгүлтүксүз жөнгө салып туруу сунуштап, тиешелүү кызматтарга селдин кесепеттерин толук тактап, келтирилген чыгымды баалоо жана элдин коопсуздугун камсыз кылуу милдеттендирилди.
Учурда ӨКМ, Жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү бийлик тарабынан аймакта тазалоо жана селден коргоочу тосмолорду бекемдөө боюнча ыкчам иштер кызуу жүрүп жатат.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда нөшөрлөп жааган жаандан улам Сары-Булак, Кара-Суу жана Кара-Күнгөй айылдарында сел жүргөн. Натыйжада ички жолдорду, үйлөрдүн короолорун суу каптап, Көл-Үкөк жайлоосуна алып баруучу көпүрөнү сел агызып кеткен. Ошондой эле Кара-Күнгөйдө дамбадан суу ашып кетүү коркунучу жаралган.