Кочкордогу нөшөрлүү жаан: 20 үйдүн жашоочулары коопсуз жайга чыгарылды

Кырсык Загрузка... 02 Июль 2026 15:00
copyright icon Кочкор райондук администрациясы

Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. 1-июлда Кочкор районунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен өзгөчө кырдаалдар катталды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Алсак, Сары-Булак айылында кыян суулар ички чарбалык жолду жана бир турак үйдүн короосун каптады. Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн куткаруучулар жана техникалар тартылып, арыктар, жолдор жана турак үйдүн короосу тазаланды.

Кара-Суу айылындагы Көл-Үкөк жайлоосунда сел суусу мал жандыктарын каптап, унаа жолундагы көпүрөнү агызып кеткен. Жабыркаган жарандар коопсуз жайга жайгаштырылып, учурда тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кара-Күңгөй айылында суткалык жөнгө салуучу бассейнден суу ашып кетүү коркунучу жаралып, дамбаны бекемдөө иштери жүргүзүлдү. Жалпысынан 800 кап кум толтурулуп, кооптуу аймактагы 20 турак үйдүн тургундары коопсуз жайларга эвакуацияланды.

"Бүгүн Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан Кара-Суу, Семиз-Бел, Кара-Саз айылдарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар улантылып жатат", - деп айтылат маалыматта.