Григорьевка капчыгайында көпүрөнү сел алып кетти

Кырсык Загрузка... 02 Июль 2026 13:50

Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Ысык-Көл районунун Григорьевка капчыгайында Чоң-Ак-Суу дарыясынын суусу көтөрүлүп, көпүрөнү бузуп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармагынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-июлга караган түнкү саат 03:00-04:00 чамасында нөшөрлөп жааган жаандан улам дарыяда суунун деңгээли кескин жогорулаган.

Натыйжада катуу аккан суу бир көпүрөнү бузуп, ал жараксыз абалга келген. Буга байланыштуу аталган тилкеде унаа жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылы толугу менен токтотулду.

"Учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу жана объектти кайра калыбына келтирүү үчүн "Келечек" мамлекеттик ишканасынын жана "Чайна Роуд" ЖЧКсынын атайын техникалары тартылып, иштер кызуу жүрүүдө. Окуядан жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.