Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. Бүгүн Талас дарыясына агып кеткен Чоң-Токой айылынын тургуну Баэл Тимур уулун издөө иштеринин тогузунчу күнү уланууда.
ӨКМдин облустук башкармалыгынан билдиришкендей, издөө иштерин куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана чек арачылардан болуп жалпы 25 адам жүргүздү.
Белгиленгендей, издөө иштери президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаевдин буйругунун негизинде Талас дарыясындагы суунун деңгээли төмөндөгөнгө чейин пассивдүү фазада жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, 23-июнда Чоң-Токой айылынын тургуну Талас дарыясына агып кетип, ошол күндөн тартып аны издөө-куткаруу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.
ӨКМ жарандарды коопсуздук эрежелерин так сактоого, агымы катуу дарыяларга жана кооптуу суу тилкелерине жакындабоого чакырат.