Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. 1-июль күнү кечинде жана 2-июлга караган түнү нөшөрлөп жааган жаандан улам Ысык-Көл районунун бир катар айыл-шаарларын суу каптады.
ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан билдиришкендей, учурда жеринде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов абалды көзөмөлдөп жатат.
Чолпон-Ата шаарында Арал сайында суунун деңгээли жогорулап, "ТНК Бетон" заводунун аймагын жана жатаканаларын каптаган. Куткаруучулардын жардамы менен саат 21:30да суунун нугу бурулган. Ошондой эле шаардагы Талас көчөсүндөгү турак үйдүн жана "Арча Макс" конок үйүнүн жертөлөлөрүнөн суу сордурулду.
"Ал эми түнкү саат 23:40 чамасында "Лукаморье" эс алуучу жайынан 24 адам аман-эсен коопсуз жерге эвакуацияланган", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Чок-Тал айылында сайдын жээгин суу жеп кетсе, Тору-Айгыр айылында сел бир көчөнү каптап, 6 турак үйдүн короосуна суу кирген. Ал жерде учурда тазалоо жана сууну ички арыктарга салуу иштери жүрүүдө. Чоң-Сары-Ой айылында да Орто-Кой суусу сайдан ашып, жеринде атайын техникалар нөөмөттө турат.
Кесепеттерди жоюуга ӨКМдин куткаруучулары жана Жарандык коргонуу кызматтарынан ондогон инженердик техникалар тартылды.
Тазалоо иштери улантылууда.