Оштогу "Тешик-Таш" базарында азык-түлүк коопсуздугу текшерилди

Аймак Загрузка... 03 Июль 2026 16:05
581932528_3625871234222716_3318972869177651471_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 03.07.26 /Кабар/. Ош шаарындагы Сулайман-Тоо муниципалдык аймагында жайгашкан "Тешик-Таш" мөмө-жемиш базарында азык-түлүк коопсуздугу боюнча мониторинг жүргүзүлдү.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө базарда 4 мөмө-жемиш сатуучу жана сүт азыктарын саткан 1 соода түйүнү иш алып барып жатканы аныкталды.

Инспекторлор соодагерлерге продукцияны сатыкка чыгаруунун алдында сөзсүз түрдө ветеринардык-санитардык лабораториядан өткөрүү зарылдыгын эскертишти. Өзгөчө мөмө-жемиштерди нитраттардын калдыктарына текшерүү милдеттүү экени белгиленди.

Ошондой эле сүт азыктарын саткан соода түйүнүнүн ээсине продукцияны бруцеллез оорусуна каршы үзгүлтүксүз лабораториялык текшерүүдөн өткөрүп туруу зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Снимок экрана 2026-07-03 160131