Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ат-Башы районунда Кыргызстанда биринчи жолу заманбап үрөн сактоочу ири агро борбордун курулушу башталды.
Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул стратегиялык объект президенттин район эли менен болгон жолугушуусунда жергиликтүү эл көтөргөн демилгенин негизинде ишке ашууда.
Белгиленгендей, жаңы агро борбор үрөндүк картошканы талапка ылайык сактоо, сорттоо жана башка логистикалык кызматтарды көрсөтөт. Ошондой эле ата мекендик үрөнчүлүктү өнүктүрүп, фермерлерди сапаттуу, жергиликтүү үрөн менен камсыз кылат, түшүмдүүлүктү жогорулатып, жалпы Нарын аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошот.
Бул долбоор өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө багытындагы алгачкы масштабдуу кадамдардын бири болмокчу.