Бишкек, 03.07.26 /Кабар/. Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев М. Жусаев атындагы паркты реконструкциялоо жана заманбап парк аймагын куруу долбоорунун жүрүшү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо программасынын алкагында паркта оңдоо иштери жүргүзүлүп, шаар тургундарынын эс алуусу үчүн жаңы шарттар түзүлүүдө. Долбоорго ылайык, бул жерде спорт аянтчалары, балдар ойноочу жайлары, ачык асман алдындагы амфитеатр, жасалма көлмөлөр жана башка инфраструктуралык объектилер курулат.
Мындан тышкары, Нарын шаарынын мэриясы бийиктиги 47 метр болгон аттракцион орнотуу долбоорун да ишке ашырууда.
Шаар башчысы долбоорду ишке ашырып жаткан компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуп, курулуш иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүү маселелерин талкуулады.