Лейлектин Мурас айылында 3,5 миң тургун таза суу менен камсыз болду

Аймак Загрузка... 03 Июль 2026 13:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Бүгүн Лейлек районундагы Мурас айылында реконструкцияланган ичүүчү суу менен камсыздоо тутуму пайдаланууга берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, натыйжада айылдагы 537 кожолук же 3 500гө жакын тургун сапаттуу суу менен камсыз болду. Бул "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында ишке ашты.

"Буга чейин айыл тургундары 2002-жылы курулган, эскирген тутумду колдонуп келишкен. Суу булактардан өз нугу менен келип, кол менен хлорлончу жана график менен гана берилчү. Эми заманбап реконструкциянын аркасында элге сутка бою үзгүлтүксүз таза суу бериле баштады", - деп айтылат маалыматта.