Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Манас шаарынын аймагында бир убакта 6 жаңы мектептин курулушу жигердүү жүрүүдө.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, алардын бири Ж. Болотов атындагы №21 орто мектеби.
Аталган билим берүү мекемесинин долбооруна ылайык, комплекс 375 окуучулук орунга ылайыкталган. Анын курамында заманбап үч кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залы жана ашкана каралган. Имараттын жалпы аянты 2 478 чарчы метрди түзөт.
"Бүгүнкү күндө мектептин темир-бетон каркасы толугу менен бүткөрүлүп, жылытуу системасы орнотулду. Учурда биринчи жана экинчи кабаттарда ички монтаждоо иштери кызуу жүрүп, терезелери салынууда", - деп айтылат маалыматта.
Мектеп пайдаланууга берилсе эки нөөмөттө 800гө жакын окуучу билим ала алат.
Белгилей кетсек, курулуш иштерин "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.