Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев округдарда иш алып баруу жумалыгынын алкагында Биринчи май районунун тургундары менен жолукту.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууга депутаттар Умбеталы Кыдыралиев, Элвира Сурабалдиева, мэрдин орун басары жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.
Жолугушууда жергиликтүү элди түйшөлткөн социалдык жана инфраструктуралык маселелер кеңири талкууланып, тургундар өз сунуш-пикирлерин ачык билдиришти. Өзгөчө жол, таза суу, коомдук транспорт, мектеп жана бала бакча маселелери көтөрүлүп, алардын чечилиши боюнча так сунуштар айтылды.
Маматалиев аталган округдан шайланган депутат катары аймактагы көйгөйлөр жакшы белгилүү экенин айтты.
"Жергиликтүү тургундардын күнүмдүк жашоосуна түз таасир эткен маселелерди жакшы билем. Биз өз ыйгарым укуктарыбыздын алкагында аларды чечүү багытында иш алып барып, шаар бийлиги менен биргеликте тийиштүү чараларды көрүп жатабыз", – деди.
Ошондой эле төрага президент борбор калаадагы конуштарда жашаган жарандардын жашоо-шартын жакшыртуу маселесине өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, бул багытта так тапшырмалар берилгенин кошумчалады.