Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Күн мурун Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев БУУ-Хабитаттын (БУУнун Адам жашаган пункттар боюнча программасы) аткаруучу директору Анаклаудия Россбах менен жолукту.
Уюмдан билдиришкендей, жолугушуу Баку шаарында 13-Дүйнөлүк шаардык форумдун (WUF13) алкагында өттү.
Жолугушууда тараптар туруктуу шаар курууну өнүктүрүү, ошондой эле тез урбанизация процесси, климаттын өзгөрүшү, курчап турган чөйрөнүн бузулушу жана шаардык инфраструктурага күчөгөн басымдан келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүдө аймактык кызматташтыкты чыңдоо боюнча бирдиктүү чечимдерин ырасташты. Бул контекстте ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосунда биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгуунун жана маалымат алмашуунун маанилүүлүгү баса белгиленди.
Сүйлөшүүлөрдө ТМУ аймагында "акылдуу" шаарларды өнүктүрүү, экологиялык туруктуулукту чыңдоо жана шаар мобилдүүлүгүн жакшыртуу маселелери каралды. Тараптар жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу үчүн заманбап стандарттарды, санариптик чечимдерди жана инновациялык шаар куруу тажрыйбаларын жайылтуу боюнча пикир алышты.
Башкы катчы ТМУ экологиялык туруктуулукка жана шаарларды өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип жатканын белгиледи. Тараптар 2023-жылдагы меморандумдун алкагындагы ТМУ менен БУУ-Хабитаттын кызматташтыгын кубаттап, институттук байланышты андан ары өнүктүрүү, биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жана тажрыйба алмашуу багыттарын талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда тараптар бүткүл Түрк дүйнөсүндө туруктуу, бекем жана инклюзивдик шаар курууну колдоо максатында ТМУ менен БУУ-Хабитаттын ортосундагы өнөктөштүктү андан ары тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.