Тогуз-Тородо Арашан койлорун баккан мыкты фермерлер аныкталды

Аймак Загрузка... 06 Апрель 2026 13:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Тогуз-Торо районунда Арашан породасындагы асыл тукум кочкорлордун көргөзмөсү өткөрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага райондун алдыңкы малчылары, фермерлери жана тармактын адистери катышты.

Көргөзмөнүн алкагында кочкорлордун сапаты, салмагы, тукумдуулук өзгөчөлүктөрү жана сырткы көрүнүшү кылдат бааланды. Катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, асыл тукум мал өстүрүүдөгү жаңы ыкмалар менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен катышуучулар райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.