Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган парламент делегациясы Россияга расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Аэропорттон кыргыз делегациясын Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Анна Кузнецова баштаган расмий өкүлдөр тосуп алышты.
Алгач делегация Москва шаарындагы В. Ф. Орлов атындагы "Марьина Роща" мектебинде болуп, эмгек мигранттарынын балдарын жалпы билим берүү класстарына кабыл алуу үчүн өткөрүлүүчү тестирлөөнүн тартиби тууралуу маалымат берилди.
Депутаттар тапшырмалардын татаалдыгына көңүл бурушуп, аларды мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүү сунуштарын билдиришти.
"Чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештерибиздин балдары үчүн билим алууга жеткиликтүүлүк маселеси абдан маанилүү. Тестирлөөнүн шарттары түшүнүктүү, адилеттүү болуп, башка тилдик чөйрөдөн келген балдардын өзгөчөлүктөрү эске алынышы кажет", - деди Маматалиев.
Андан соң Кыргызстандын көргөзмө-соода борборунда (ВДНХ) кыргыз делегациясы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана эмгек мигранттары менен жолугушту. Баарлашуунун жүрүшүндө мекендештерди тынчсыздандырган актуалдуу маселелер көтөрүлүп, тиешелүү түшүндүрмөлөр жана жооптор берилди.
"Мамлекет кайсы жерде болбосун, дайыма өз жарандары менен бирге. Бүгүн көтөрүлгөн бардык маселелер көзөмөлгө алынып, аларды чечүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге керектүү иштерди алып барабыз", - деди төрага.
Расмий сапардын экинчи күнү жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар менен уланып, анын ичинен Марлен Маматалиев Россиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү күтүлүүдө.