Транспорттук реформа: Жогорку категориядагы жолдор жана эстакадалар

Экономика Загрузка... 10 Апрель 2026 12:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Кыргызстандын көз карандысыздык тарыхында жол инфраструктурасын өнүктүрүү багытында болуп көрбөгөндөй ири иш-чаралар жүрүп жатат. Бул өзгөрүүлөр негизинен Бишкек шаары жана Чүй облусунда орун алууда. Учурда аймактагы негизги көйгөйлөрдүн бири болгон унаа тыгындарын чечүүгө багытталган ири транспорттук долбоорлордун ишке ашырылууда.

Транспорттук реформа. Заманбап шаардык мобилдүүлүккө өтүү

Унаалардын санынын өсүшү, активдүү урбанизация жана шаар четиндеги аймактардын өнүгүшү борбор калаадагы жол тармагынын жүктөмдү көтөрө албай калышына алып келди. Мамлекеттин буга карата жообу транспорттук инфраструктураны системалуу өнүктүрүү болду. Өлкөдө көп деңгээлдүү жол өткөөлдөрүн, айланма жолдорду жана бүтүндөй транспорттук коридорлорду куруу башталды.

Бүгүнкү күндө транзиттик агым шаардын сыртына чыгарылып, ички көчөлөр кенен жана коопсуз болуу менен бирге жаңы транспорттук модель калыптанууда.

Белгилей кетсек, 2025-жылы башталган ири долбоорлорду ишке ашыруу уланып, Бишкек шаарынын айланма жолунун курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин “Элден собол” программасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Асылбек Чойбеков билдирген.

Анын айтымында, Профсоюз көчөсүн Түндүк айланма жолу менен туташтыруучу жолдун курулушуна өзгөчө көңүл бурулат. Бул жол жаңы "Ош" базарына баруучу негизги каттам болуп калат.

Түндүк айланма жолу – жаңы системанын өзөгү

Түндүк айланма жолу бүтүндөй транспорттук реформанын негизги өзөгүнө айланууда. Бул Бишкектин батыш жана чыгыш кире бериштерин бириктирген, узундугу болжол менен 33 чакырымды түзгөн масштабдуу инфраструктуралык долбоор.

Жол жогорку IВ категориясы боюнча курулуп, өлкөдө мындай деңгээлдеги алгачкы трасса болот.

Долбоордун негизги мүнөздөмөлөрү:

  • этабы менен кеңейтүү мүмкүнчүлүгү бар алты тилкелүү кыймыл;
  • трассаны толук жарыктандыруу;
  • калктуу конуштардагы тротуарлар;
  • коопсуздукту сактоо үчүн тосмолор;
  • 10 даана эки деңгээлдүү транспорттук түйүн.

Белгилей кетсек, учурда айрым тилкелерде жер иштери жана асфальт төшөө аяктап, көпүрөлөрдү жана инженердик системаларды орнотуу иштери жүрүп жатат. Жумуштар күчөтүлгөн режимде, күнү-түнү эки нөөмөт менен жүрүүдө.

Мындан тышкары, Түндүк айланма жолу Алматы — Бишкек — Ташкент багыттарын бириктирген эл аралык транспорттук коридордун бир бөлүгү болуп калат. Бул долбоордун улуттук эле эмес, аймактык мааниге ээ экендигин тастыктайт.

Чыгыш айланма жолу: ылдамдыкка басым

Узундугу болжол менен 16 чакырымды түзгөн Чыгыш айланма жолу түндүк айланма жолдун уландысы жана келечектеги транспорттук шакекченин маанилүү бөлүгү болуп калат.

Негизги өзгөчөлүктөрү:

  • кесилиштердин жана светофорлордун санынын аздыгы;
  • эки ири эстакаданын курулушу (600 жана 900 метр);
  • 5 транспорттук түйүн;
  • Ахунбаев, Сухэ-Батор жана Лев Толстой көчөлөрү менен туташуу.

Бул жол шаардын калк жыш жайгашкан аймактарынан сырткары, Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн аймагы аркылуу өтөт. Бул шаардын борборуна кирбей өтүүчү тез транзиттик каттамды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Батыш айланма жолу: кийинки этап

Жол шакекчесинин үчүнчү элементи — узундугу 26 чакырымдан ашкан Батыш айланма жолу болмокчу. Анын курулушун баштоо 2026-2028-жылдарга пландаштырылган.

Долбоордо каралган:

  • 7 транспорттук түйүн;
  • 14 көп деңгээлдүү кесилиш;
  • 1 ири көпүрө;
  • трассаны дээрлик толук жарыктандыруу.

Белгилей кетсек, бул жол борбор калаанын түштүк-батыш райондорун жол кыймылындагы эң көйгөйлүү аймактардын бирин жеңилдетүүгө тийиш.

Бишкектин транспорттук шакекчеси: кыймылдын жаңы логикасы

Түндүк, чыгыш жана батыш айланма жолдорунун биригиши Бишкектин айланасында толук кандуу транспорттук шакекчени түзөт.

Долбоордун башкы идеясы — кыймылдын логикасын өзгөртүү:

  • транзиттик транспорт шаардын сыртына чыгарылат;
  • борбордук көчөлөргө түшкөн жүктөм азаят;
  • жолго кеткен убакыт кыскарат;
  • жол кыймылынын коопсуздугу жогорулайт.

Иш жүзүндө Бишкек ири мегаполистерде колдонулган транспорттук системалардын аналогун колдонууда.

Негизги жол түйүндөрү – унаа тыгындары менен күрөшүү

Ошондой эле Бишкекте бир нече ири транспорттук түйүндөрдүн долбоорлору ишке ашырылууда. Алардын эң маанилүүлөрү:

  • Фучик жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки деңгээлдүү жол түйүнү;
  • Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги түйүн;
  • Анкара — 7-апрель, Жибек Жолу — Профсоюз көчөлөрүнүн кесилиштеринде долбоорлонуп жаткан түйүндөр;
  • Айтматов проспектиси менен Медеров көчөсүнүн кесилишиндеги чакан өтмөк.

Бул объектилер транспорттук агымдарды бөлүштүрүү принциби боюнча курулууда. Негизги түйүндөрдө жол чырак менен жөнгө салууну жоюп, кыймылды бир топ тездетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Чыгыш багытына өзгөчө көңүл бурулуп, ал жерде бир эле учурда 4-5 өткөөл, анын ичинде ири эстакадалык көпүрө куруу пландаштырылган. Бул Кант шаары жана чыгыш райондору тараптан келген транспорт агымын кайра бөлүштүрүүгө шарт түзөт.

Аймактардагы инфраструктураны өнүктүрүү

Масштабдуу жол долбоорлору Чүй облусунан сырткары да ишке ашырылууда. Алардын ичинде:

  • Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол трассасы;
  • Нарын – Баетов багыты;
  • Барскоон – Бедел – Үчтурфан – Аксу эл аралык каттамы.

Бул долбоорлор аймактар аралык байланышты чыңдоого, туризмди өнүктүрүүгө жана тышкы экономикалык каттамдарды кеңейтүүгө багытталган.

Аталган бардык долбоорлорду ишке ашыруу узак мөөнөттүү натыйжа берет. Алсак, заманбап транспорттук тармактын калыптанышы, өлкөнүн логистикалык потенциалынын өсүшү, аймактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу.

Кыргызстан заманбап жана натыйжалуу транспорттук системаны түзүүгө олуттуу кадам таштоодо. Жол түйүндөрүнүн, айланма жолдордун курулушу жана трассалардын реконструкцияланышы — ылдамдык, коопсуздук жана ыңгайлуулук сыяктуу артыкчылыктарга ээ болгон жаңы инфраструктуралык реалдуулукту түзөт.

Жакынкы жылдары борбор калаанын жана аймактардын тургундары чыныгы өзгөрүүлөрдү сезе алышат. Жолдор бошоп, каттамдар тездеп, транспорттук системанын өзү туруктуу жана заманбап болуп өзгөрөт.