Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Депутат Табылды Муратбеков парламенттин жыйынында бир катар социалдык маселелерди көтөрдү.
Анын айтымында, Ысык-Көл районундагы Түп жана Ак-Суу айылдарынын тургундары жана пенсионерлерине "Жыргалаң" санаторийинде дарыланууга жеңилдик берүүнү суранышкан.
Депутат ошондой эле Түптө бир гана нотариус бар экенин, бул дайыма кезектердин пайда болушуна алып келип, кызматкерлердин жетишсиздиги байкалып жатканын белгиледи.