Бишкекте, 20.04.26. /Кабар/. Учурда жалпы өлкө боюнча 50 чакан ГЭС курулуп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук жана Туюк чакан ГЭСтерин ишке киргизүү аземинде билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, быйыл алардын 13үн куруп, ишке киргизүү мерчемделген.
“Бул аймактардагы электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртып, жаңы жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтөт”, — деп айтты Садыр Жапаров.