Улуттук банк жыл башынан бери ички валюта рыногуна $900 млн сатты

Экономика Загрузка... 26 Май 2026 12:10
1017046_K3ZxtZ9.cfa.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 26.05.26 /Кабар/. Жыл башынан бери ички валюта рыногунда АКШ долларын сатуунун жалпы көлөмү 893,45 млн долларды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.

Ал Улуттук банк бул валюталык интервенцияларды каржылап жаткан эл аралык резервдердин жетиштүү деңгээлин сактоону улантып жатканын белгиледи.

"22-майга карата эл аралык резервдердин көлөмү болжол менен 8,9 млрд долларды түзөт. Бул 2025-жылдын акырына салыштырмалуу 3,4%га көп. Бул чаралардын бардыгы биздин экономикабыздагы баалардын кескин өсүшүн ооздуктоого өбөлгө түзөт", - деп билдирди ал.